Бүгүн, 3-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Орто-Сай айылында, Ворошилов, Лермонтов, Ахунбаев, Юнусалиев көчөлөрүндө, Төмөнкү Орок конушунда, Киргизия-1 конушундагы Кожомкулов көчөсүндө, Жаш Гвардия, Васильев, Айни, Коёнкөзов, Островский көчөлөрүндө, Чокморов көчөсүндөгү № 202-көп кабаттуу үйдө электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районунун Маевка айылынын батыш тарабында, Кара-Балта шаарындагы Карл Маркс көчөсүндө, Сосновка айылында электр жарыгын берүү чектелет.