Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона мексикалык "Дорадос де Синалоа" футболдук клубуна башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу клубдун социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
Белгилүү болгондой, клуб 2-дивизиондо ойнойт. Өтүп жаткан биринчиликте 6 оюндан кийин 13-орунда турат. Эске салсак, Марадона машыктыруучу болуп иштеген акыркы жери БАЭнин "Аль-Фуджайра" клубу болгон, ал жактан мурдагы футболчу апрель айында кеткен. Андан соң Марадона бресттик "Динамо" клубунун башкаруусунун жетекчиси болгон.
Диего Марадона - белгилүү аргентиналык футболчу. Ал карьерасында "Бука Хуниорс", "Барселона", "Наполи", "Севилья", "Ньюэллс Олд Бойз" клубдарында ойногон. 1986-жылы Мексикадагы Дүйнө чемпиондугунда Аргентина курамасы менен биргеликте алтын медаль тагынган. Аргентинанын курамында ал 91 оюнга чыгып, 31 гол киргизген. Кийин телекомментатор, машыктыруучу болуп иштеп, тасмаларга да тартылганга үлгүргөн.