Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери орун алат.
Анда "А" тайпасынан чыккан Кыргыз оюнчулары менен "D" тайпасынан чыккан Өзбек курама командасы кез келип, баш байге үчүн күч сынашат. Ал эми Москва облусунан келген курама команда Казак курама командасы менен коло медаль үчүн беттеш өткөрөт.
Айта кетсек, кечээ, 6-сентябрда Казак курама командасы өзбекстандык көк бөрүчүлөргө күтүлбөгөн жерден 5:4 эсебинде жеңилип калды. Ал эми Кыргыз оюнчулары Москва облусунан келген команданы 23:6 эсебинде утуп алган.
Көк бөрү боюнча мелдештер саат 16:00дө башталат.