Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Жорго чабыш боюнча мелдеште алдыңкы 3 орунду кыргыз чабандестери ээледи

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда ат чабыш боюнча мелдештер өтүүдө.

Азыркы тапта 11 миң метр аралыктагы жорго чабыш боюнча мелдеш жыйынтыкталып, анда алдыңкы 3 орунду кыргыз чабандестери ээледи.

1-орунду Мыктыбек Токтосунов Вулкан аттуу аргымагы менен ээледи. Вулкан буга чейин I көчмөндөр оюндарында 3-орунду жана II көчмөндөр оюндарында 1-орунду ээлеген. Экинчи болуп "Асанбек-Ата" жылкы заводунун Кабылан аттуу аргымагы келди. 3-орунга Турсунбек Адамалиевдин аргымагы Гориславна татыды.

1-орундун ээсине 350 миң сом, 2-орун үчүн 250 миң жана 3-орундун ээсине 150 миң сом байге ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dalil
2018-09-07 13:05:24
Медалдык эсепте кайсыл өлкө канча медал алды супер маадымат бербейсиңерби? Болуп өткөн оюндар боюнча да бир күн кийин айтып жатасыңар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан