Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда ат чабыш боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
Азыркы тапта 22 миң метр аралыктагы ат чабыш боюнча мелдеште жеңүүчүлөр аныкталды. Анда алдыңкы орунду кыргыздын аргымагы ээледи. 2-орунда орусиялык аргымак болсо, үчүнчү болуп кыргыз тулпары келди.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Адыш Турат уулу Байтору аттуу аргымагы менен ээледи. Байтору буга чейин Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган мелдештин жеңүүчүсү аталган. Экинчи болуп Орусиянын Краснодарынан келген Субан Уметкулов Искандера деген тулпары келди. 3-орунга Эльшат Абдрамановдун Жол-Бол аргымагы татыды.
Жыйынтыгында 1-орун үчүн 350 миң сом байге, 2-орунда келген чабандеске 250 миң жана 3-орундун ээсине 150 миң сом байге ыйгарылды.