Казакстан: Байкоңур космодромунан учурулган Орусиянын ракетасы 17 секунддан кийин жарылып кетти

2-июлда Казакстандын Байкоңур космодромунан космоско учурулган Орусиянын "Протон-М" ракетасы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй жарылып кетти. Жергиликтүү маалымат булактары аварияга ракетанын кыймылдаткычынын иштебей калышы себеп болгондугун жарыялашты. Ракета коё берилгенден кийин 17 секунддан соң жарылып, учурулган жерден 2,5 чакырым алыстыкта түштү. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Ал эми ракета кулаган жерде уулуу заттардан улам булут пайда болгон. Окуя болгон жерге жакын жашаган айылдардын жашоочуларына Казакстандын бийлиги үйлөрүнөн чыкпоону сунушташып, Байкоңурга кеткен жолдор жабылды. 

"Протон-м" ракетасынын кулашы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sagy
2013-07-03 09:49:48
Ар бир мамлекеттин оз жеринде полигону болгон жакшы. Кырсык болсо да озу менен озу болуп..
0
mandalak
2013-07-03 09:58:45
adamdar bar ekenbi ?
0
inoplanetyanin
2013-07-03 14:01:18
arak i4ip algandai u4up jonoptur go)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан