Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн эр эңиш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда балбандар 5 салмактык ченде күч сынашты.

Кыргыз балбандары казак балбандары менен 5 салмактык категорияда күч сынашып, жыйынтыгында баары тең жеңишке жетишти.

60 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Жекшенбек Турдубеков казакстандык Азамат Сергазинди утуп алса, 70 килограммдык салмак ченде кыргыз балбаны Калыбек Бузурманкул уулу казак балбаны Эрназар Байгоновду таза жеңиш менен жеңди. 80 килограммдык салмак категориясы боюнча чыккан өлкөбүздүн дагы бир балбаны Ислам Бердибек уулу казак боордоштордун Арман Сагынбаев аттуу балбанын 6-0 эсебинде утса, 90 килограммдык салмак ченинде Конокбай Баркыжоков казакстандык Сырым Избасаровду 5-4 эсебинде жеңип алды. Ал эми 90 килограммдан жогорку салмак ченинде балбан Күмүш Кыдыралиев казакстандык Биржан Косалиев менен беттешип таза жеңишти багындырды.

Мелдештин соңунда 1-орунга ээ болгон балбандарга 70 миң сом, 2-орунга 35 миң, ал эми 3-4-орунду ээлегендерге 17 миң 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TalaCSKA
2018-09-07 17:15:47
Казахстанда спорт жагында скандал болгону турат окшойт . анткени женилип эле женилип эле атат .ойлошсо керек акчанын кучу менен спорттон жетишебиз деп чындыгында андай эмес!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан