Бүгүн,7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда көк бөрү боюнча финалдык беттештер орун алат. Азыркы учурда Казакстан-Москва беттеши башталып, эки команданын оюнчулары оюн талаасына чыгышты. Алар үчүнчү орун үчүн күч сынашмакчы.
16:01. Казакстан курамасы алгачкы мүнөттөрдө улакты эңип, эсеп санын ачты. Тай казанга улакты казакстандык Курманбек Турганбек таштады.
16:03. Казак улакчысы Курманбек Турганбек кайрадан айырмаланып, эсепти 2:0 кылып койду.
16:04. Улак оюн талаасынан чыгып, жекеме-жеке беттеш орун алууда. Азырынча ортодо казак улакчы мыкты болууда.
16:06. Эсеп 3:0гө айланды. Кайрадан Курманбек Турганбек мыктылыгын көрсөттү.
16:09. Жогорудагы аты аталган улакчы 4-улакты таштап, эсеп санын 4:0гө жеткирди.
16:10. Москва командасынын оюнчусу жекеме-жеке беттеште эреже бузганы үчүн 2 мүнөткө жазаланды. Эки команданын кызуу беттешине 8 миңден ашуун көрүүчү күбө болуп жатат.
16:13. Казактардын 2-сан катарындагы оюнчусу мыктылыгын көрсөтүүдө. Курманбек Турганбек эсепти 5:0 кылды.
16:17. Курманбек Турганбектин эсепти алмаштырууга дагы бир мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ал ыргыткан улак тай казандын сыртына түшүп калды. Кайрадан чабуулга өтүп, эсеп санын арттырды. Эсеп 6:0.
16:19. Москва командасынын оюнчусу Самат Нурашев улакты тай казанга таштаганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок казак улакчылар каршылык көрсөтүп, улакты тай казанга таштаткан жок.
16:20. Оюндун биринчи бөлүгү жыйынтыкталып, командалар тыныгууга кетишти.
16:35. Оюндун экинчи бөлүгү башталып, беттеш кызуу жүрүүдө. Азырынча эсеп саны өзгөрө элек.
16:36. Жекеме-жеке беттеште Москва командасынын оюнчусу мыкты болгон. Бирок казак оюнчусу улакты тартып алды. Улак оюн талаасынан чыгып кетти. Кайрадан жекеме-жеке бетеш орун алат.
16:40. Москва курамасынын улакчысы эреже бузуп, 2 мүнөткө жазаланды.
16:44. Казакстандык Жасулан Айтбаевдин эсепти 7:0 кылганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок анын ыргыткан улагы тай казанга түшпөй калды.
16:47. Улак тай казанда. Казакстандык Ынтымак Алипбаев эсеп санын 8:0гө жеткирди.
16:49. Эсеп 9:0 болду. Курманбек Турганбек бул беттештеги 7-улагын таштады.
16:52. Оюндун экинчи бөлүгү аягына чыкты.
17:09. Оюндун 3-бөлүгү старт алды.
17:11. Эсеп 10:0 болду. Курманбек Турганбек кайрадан мыктылыгын көрсөттү.
17:13. Курманбек Турганбек өнөктөшү менен бирге улакты тай казанга салып эсепти 12:0 кылды.
17:16. Эсеп 13:0 болду. Ынтымак Алипбаев айырмаланганга үлгүрдү.
17:17. Эсеп 14:0. Курманбек Турганбек өзүнүн 10-улагын атаандашынын тай казанына таштады.
17:19. Ынтымак Алипбаев эсепти 15:0гө айлындырды. Москва командасы казак оюнчуларына тоскоолдук жарата албай жатышат.
17:22. Курманбек Турганбек эсепти 16:0 кылып салды. Казак улакчылары москвалыктарга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
17:23. Жасулан Айтбаев мыкты салым менен айырмаланды. Эсеп 17:0.
17:24. Москвалыктардын аракети ишке ашып, акыркы мүнөттөрдө Азамат Аттокуров эсепти 17:1 кылды.
17:25. Оюн жыйынтыкталды. Казак улакчылар 17:1 эсеби менен жеңишке жетип, 1 миллион сом байгеге ээ болушту.