Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна учуп кетти
Бүгүн, 3-июлда президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Өлкө башчы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районунун Акман айылындагы 500 кВ кубаттуулуктагы "Датка" көмөк чордонунун ачылыш аземине катышат.