Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Светтик мамлекеттин президенти катары бир динге үгүт жасаганы туура эмес"

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышында: "Кыргыз өлкөсүндө мектептен мечит көп. Бул жакшы көрүнүш. Кээ бири мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтат. Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт" деп айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да Курбан айт майрамы күнү "муфтият өкүлдөрүнүн насааттарын уксак, өлкө тез өнүгөт" деп элди куттуктаган. Өлкө башындагы эки таасирдүү адамдын мындай диний чакырыктарын светтик өлкөнүн коомчулугу кызуу талкуулап, айрымдары сындаса, кээ бир жарандар колдоого алган. Бул талкуу бүгүн да уланууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Светтик өлкөнүн бийлик башчыларынын "мечиттер көп болгону жакшы" деп чакырык таштаганы туурабы?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Кадырбековдун пикиринде, дин менен ыймандын бири-бири менен байланышы жок.

“Мечит же дин менен ыймандын эч кандай байланышы жок. Мыйзам жана институттар иштеген жерде адамдар өздөрүн жакшы алып жүрөт, ыймандуу болот. Адамды бири-бирин сыйлаганга алып барат. Светтик мамлекеттин президенти катары бир динге үгүт жасаганы туура эмес. Дин эркиндиги болушу үчүн мамлекеттик органдар, бийлик светтик болушу керек. Өлкө бир динди карманып, аны пропаганда кылса ошол жерде радикализм өсөт. Саясатчылардын динди колдонгонун популизм деп айтсак болот”, - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев жана укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
Кыргызстанда мектептен мечит көп, бул жакшы көрүнүш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан