"Кечээ Казакстан командасынын үстүнөн таза жеңишке ээ болдук" деген пикирин SUPER.KG порталына көк бөрү боюнча Өзбекстандын курамасынын оюнчусу Заман Туймабеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз курама командасынын деңгээли жогору жана аттары мыкты. "Финалга чыгуу кыйын болду. Бизге жакшы аттар берилди. Эми финалда ойноп, буюрса, Кыргыз курамасын утканга аракет кылабыз", - деди өзбек улакчысы.
Кечээ, 6-сентябрда Казак курама командасы өзбекстандык көк бөрүчүлөргө 5:4 эсебинде жеңилип калган. Ал эми Кыргыз оюнчулары Орусиянын Москва облусунан келген команданы 23:6 эсебинде утуп алган.