Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышында: "Кыргыз өлкөсүндө мектептен мечит көп. Бул жакшы көрүнүш. Кээ бири мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтат. Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт" деп айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да Курбан айт майрамы күнү "муфтият өкүлдөрүнүн насааттарын уксак, өлкө тез өнүгөт" деп элди куттуктаган. Өлкө башындагы эки таасирдүү адамдын мындай диний чакырыктарын светтик өлкөнүн коомчулугу кызуу талкуулап, айрымдары сындаса, кээ бир жарандар колдоого алган. Бул талкуу бүгүн да уланууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Светтик өлкөнүн бийлик башчыларынын "мечиттер көп болгону жакшы" деп чакырык таштаганы туурабы?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.
Укук коргоочу бийлик жетекчилеринин мечиттердин саны көбөйгөнү жакшы дегенин колдобой турганын айтты.
"Салыштырып айтканда, өлкөдө канча мектебибиз, канча ооруканабыз бар? Биздин мамлекет - социалдык, укуктук, демократиялык өлкө. Бизде дин мамлекеттик башкарууга кийлигишпейт. Дайыма ушундай туруктуу көз караш болушу керек. Учурда өлкө боюнча мектептер, окуу куралдары жетишпей жатканда бийлик жетекчилеринин мечиттердин көбөйгөнү жакшы деп айтканы туура эмес. Өлкөгө диний терроризм, экстремизм менен күрөшүү боюнча көптөгөн долбоорлор келип жатат. Ушунун алкагында туура иликтөө жасалбай, айрым адамдар туура эмес китептерди колуна кармап койгону же интернеттеги баракчаларда кайсы бир диний билдирүүлөрдү жактырып койгону үчүн да соттолуп кеткен көрүнүштөр болуп жатат. Ошол эле учурда мечиттердин көбөйгөнүн жакшы көрүнүш катары карап жатабыз.
Бизде башка өлкөлөрдөй газ, нефть сыяктуу жаратылыш ресурстары жок. Биздин өлкөдө адам ресурсу биринчи орунда. Эгер биздин жарандардын билими күчтүү болсо, анда өлкөнүн өнүгүүсүнө аябай салым кошулмак. Бийлик жетекчилери өлкөнүн келечеги үчүн жаштарга туура, татыктуу билим берүүнү айтышы керек. Тескерисинче, акыркы убакта бийлик жетекчилери динди оюнчук кылып, туура эмес сөздөрдү айтып жатышат. Бийликтегилер мамлекеттин сөзүн - Конституцияны сүйлөшү керек. Мына 2010-жылдан бери өлкөдө мечиттердин саны аябай эле көбөйүп кетти. Бирок коомчулук ыймандуу болуп деле кеткен жери жок да”, - деди Ошурахунова.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.