Бүгүн, 8-сентябрда америкалык кур үчүн Кыргыз өлкөсүнөн чыкккан мушкер Валенитина Шевченко америкалык мушкер Никко Монтано менен беттешмек. Бирок Никко Монтанонун беттеш алдында ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилгендиктен, беттештин мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар уюштуруучулардын расмий сайтына таянып жазып чыгышты.
"Ишемби күнгө, тагыраагы, 8-сентябрга белгиленген беттеш болбой калды. Никко Монтанонун бөйрөктөрү ооруганына байланыштуу ал ооруканага жеткирилген. Анын ден соолугу калыбына келиши үчүн бир нече күн керектелет. Учурда Валентина Шевченко менен ким беттешери талкууланып жатат", - деп билдирген UFC уюмунан.
Белгилей кетсек, АКШнын Даллас шаарында "UFC 228" мелдешинин алкагында эң жеңил салмактагы 57 килограммга чейинки салмак ченинде америкалык чемпиондук кур үчүн Валентина Шевченко менен Никко Монтано беттешмек.