Миллионер балбан Айдын Монгуш: "Өзүм спорттун сумо түрү менен алектенем. Улуу көчмөн күрөшүнө алгачкы жолу чыктым"

Бүгүн, 8-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында Улуу көчмөн күрөшү боюнча балбандардын финалдык кармашы орун алды. Анда бардык атаандаштарын артта калтырып, 1 миллион сом акчалай байге, аргымак жана чемпиондук кур тагынган орусиялык балбан Айдын Монгуш болду.

"Мен 6 жыл улуттук күрөш менен алектенгем. Кийин сумо менен машыкканга өтүп кеттим. Мени Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз сумочулары чакырышты. Улуу көчмөн күрөшүнө катышып, байге утуп алам деп ойлогон эмесмин. Анткени күрөштүн бул түрүнө алгачкы жолу чыктым. Бирок талыкпаган машыгуулардын жыйынтыгында жеңишке жеттим. Мен Кыргыз өлкөсүнө алгачкы жолу келдим. Мага көчмөндөр оюндарындагы спорттун бардык түрү аябай жакты", - дейт 24 жаштагы балбан.

Улуу көчмөн күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүсү Айдын Монгуш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
warcaw
2018-09-08 15:56:15
Тувин экенда
+1
Nargiza1987k
2018-09-08 16:42:36
Кыргызга окшошко
0
ere
2018-09-08 19:14:14
Башкасын берсе да баш кийимди калпакты бекер кийгизиптир да
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан