Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Түркияга өткөрүлүп, салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды

Бүгүн, 8-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат. Салтанатка жүздөгөн көрөрмандар назар салды.

Аталган аземге чет элден келген белгилүү ырчылар Рэй Хортон, Жо Томпсон , Наташа Райт, өзбекстандык ырчы Озода Нурсаидова, казакстандык Жанар Дугалова жана орусиялык рок-топ "Корни", румыниялык поп-топ "Akcent", германиялык "Чингиз Хан" тобу катышат. Ошондой эле салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков жана музыкалык топтор чакырылган.

20:03. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи лазердик шоу менен башталды. Сахнага 50дөн ашуун бийчи чыгып, улуттук бий бийледи.

20:06. Сахнада улуттук аспаптар комуз, кыл кыяк, ооз комуз менен коштолгон жандуу музыка жаңырды.

20:10. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Мурас" ыры менен сахнага чыкты. Чыгарма дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.

20:18. Сахнага алып баруучулар Айгүл Курманова, Нурзат Токтосунова, Урмат Борченов, Нурсултан Майназаров чыгып, кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде алып барып, салтанатты ачып беришти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу болгон мөңгү суусу тууралуу "Мөңгү" кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлдү.

20:25. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Түркиянын спорт жана маданият министринин орун басары Хамза Ерликая сахнага чакырылды. Көөкөргө куюлган мөңгү суусу жана көчмөндөр оюндарынын желеги Түркиянын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

20:29. Тилек Куралов жана Нурбек Кожобеков өңдүү баатырлар дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символун алып чыгышты.

20:30. Сахнага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чыкты. Көчмөндөр оюндарынын символдорун премьер-министр өз колу менен салтанаттуу түрдө өткөрүп берди.

20:33. Түркиянын маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга сөз берилди. Ал Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын салам-дубасын жеткирип, көчмөндөр оюндарын кубануу менен кабыл алганын билдирди. "Көчмөндөр оюндарын уюштурган Кыргыз Республикасына ыраазычылыгыбызды билдирем, ынтымагыбыз бекем болсун!" - деди ал.

20:39. Сөз өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевде. "Сөзүмдүн башында президентибиз Сооронбай Жээнбековдун ыраазычылыгын айтып кетейин. Көчмөндөр оюндары аяктап, сиздер менен коштошуп жатканыбызга ичибиз ачышып жатат. Ошентсе дагы дүйнөнүн булуң-бурчунан досторду тапканыбызга кубанып жатабыз. Маданият, көркөм өнөр жана спорт ынтымактуулуктун символу болуп калды. Алгачкы көчмөндөр оюндарына 7 гана мамлекет катышса, бүгүн 82 өлкө катышып жатат. Көчмөндөр оюндарын 778 ата мекендик, 550дөн ашык жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырып жатышты. Катар-катар тигилген боз үйлөр этно шаарчаны кооздосо, маданий иш-чаралар чыныгы көчмөндөрдүн жашоосун чагылдырды. Элибиз мындан дагы ири масштабдагы иш-чараларды өткөрө аларын далилдеди. Ушул тарыхый иш-чараны өткөрүүгө катышкандарга, демөөрчүлөргө, меймандарга терең ыраазычылык билдирем. Алган байгеңер кут болсун. Көчмөндөрдүн күч биримдиги, рух биримдиги бекем болсун! Көчмөндөр оюндары салтанаттуу түрдө жабык деп жарыяланат", - деп 3 тилде сөз сүйлөдү.

20:55. Кыргыз Республикасынын гимни ырдалды.

20:58. Театрлаштырылган оюн-зоок бөлүгү башталды. Сахнага алгачкылардан болуп Түркиядан келген чыгармачыл топ чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулады.

21:03. Башкы дирижёрдун коштоосунда Кыргыз Республикасынын аскер оркестри чыгып, урма аспаптардын жардамы менен попурри, ал тургай кара жорго музыкасын аткарышты.

21:10. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова "Ысык-Көлдү сагынуу" чыгармасын аткарды. Чыгарманы "Шаттык" бий тобунун бийчилери коштоду.

21:16. Түштүк кореялык актёр Пак Шин Янг, кинопродюсер Ален Депардьё көчмөндөр оюндарына ардактуу конок катары чакырылган. Пак Шин Янг сахнага чыгып "Ассалому алейкум Кыргыз жери!" деп кыргызча салам берди. Андан кийинки сөзүн орус тилинде улап "Силердин жаратылышыңар абдан кооз экен. Көрүшкөнчө, чоң рахмат!" деп көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуусуна ээ болду.

21:21. Сахнада "Камбаркан" ансамбли жана "Акмарал" бий тобу өнөрлөрүн көрсөтүүдө.

21:25. Ырчы Кенже Көбөкова "Түйшөлүү" аталашындагы чыгармасы менен сахнага чыкты.

21:29. Көчмөндөр оюндарындагы музыкалык бөлүк уланууда. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурайым Азыкбаева жана эл аралык сынактардын катышуучусу Назбек Кенчибаевден комуз жана скрипканын коштоосундагы музыкалык чыгарма жаңырды.

21:39. Эстрада ырчылары Элзар Өскөнбаева менен Курал Чокоев "Кыз куумай" чыгармасын ырдады.

21:42. Кыл кыякчы Залина Касымованын чыгармасынын жаңыруусунда дизайнер-модельер Замира Молдошеванын кийимдер көргөзмөсү болду.

21:46. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев "Көк бөрү" чыгармасы менен сахнага чыкты.

21:50. Эмгек сиңирген артисттер Гүлзада Рыскулова жана Гүлжигит Калыковдун "Жалын бий" чыгармасы көрөрмандардын бийи менен коштолду. Көрүүчүлөр бийчилерден кем калбай, тура калып жалын бийин бийлешти.

21:51. Чолпон Мелисбекова жана Эламан Каныбековдон турган комузчулар дуэти сахнага чыкты. Комузчулар дүйнөлүк хит ырлардын топтомунан турган попурри аткарды. Жаш таланттардын комуз менен аткарган чыгармасы көрүүчүлөрдү ордунан тура кол чаап колдоосуна арзыган чыгарма болду. Кары-жашы дебей бардыгы ордунан туруп бийледи.

22:00. Концерттик программа ырчы Омардын "Кыргызстаным" чыгармасы менен уланды.

22:04. Чет элдик ырчылардын сахнага чыгуусу башталып, Якутиядан келген Юлиана Кривошапкина өзүнүн талантып көрсөттү.

22:11. Германиядан келген легендарлуу "Dschinghis Khan" тобу "Dschinghis Khan" чыгармасын аткарып, 80-90-жылдарга алып барды. Аталган топтун дагы бир белгилүү "Moscow" чыгармасы жаңырды.

22:21. "Dschinghis Khan" тобу үчүнчү чыгармасын жаңыртты.

22:28. Кол чабуулардын коштоосунда чет өлкөдөн келген 90-жылдардын легендалары Рэй Хортон, Наташа Рейт, Жоу Томсон учурундагы популярдуу чыгармаларды чогуу аткарышты.

22:40. Көпчүлүктүн сүйүктүү ырчылары белгилүү хит ырларын аткарып, элди бий аянтына чакырды.

22:43. "Akcent" тобу "Amor Gitana" чыгармасы менен музыкалык бөлүктү улантты.

22:46. Бир катар хит ырлары менен таанылган топ "Kamelia" чыгармасын аткарды.

22:50. Сахнага орусиялык "Корни" тобунун ырчылары чыгып, "Моя любовь живёт на 25 этаже" чыгармасын аткарды.

22:55. "Корни" тобунун жигиттери көчмөндөр оюндарына келгендерди куттуктап, дагы бир "Плакала берёза" чыгармасын жаңыртты.

23:03. Өзбекстандык ырчы Озода Нурсаидова репертуарындагы белгилүү ырларынан аткарып берди.

23:12. Казакстандык жылдыз Жанар Дугалова сахнага чыгып, коңур үнү менен эки чыгармасын аткарды.

23:20. Дүйнөгө белгилүү музыкант Лео Рохас элдин коштоосу менен сахнага чыкты. Ал "Одинокий пастух" чыгармасын аткарып берди.

23:29. Өзбекстандык Дильноза Акбарова менен Жасурбек Жабборов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен Нурлан Насип "Бирге бололу" чыгармасын аткарышты.

23:33. Сахнада көчмөндөр оюндарынын гимни жаңырып, иш-чаранын музыкалык бөлүгү дагы аягына чыкты.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dinar-87
2018-09-08 21:04:44
Оох кутулупуз а ошодон нары башкаларга отуп кетте берсин Эми зыяныдан башка пайдасы жок ошо оюндун.
-30
Akshumkar
2018-09-08 22:51:25
dinar-87, Оз чонтогунон акча чыгаргансып жаман кутула тажагансын го. Мен тан калам чыгаша болбосо киреше болбойт деген соз бар акча жок деп олтура берсек туристерди кантип тартабыз. Мына Малайзия Тайланд Турция туристер менен эле онугуп келетат.
+14
Erik2018
2018-09-09 09:47:27
dinar-87,
Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлдү.Көчмөндөр оюндары дүйнө элинин башын бириктирип жатат. Кыргызга озу эч нерсе жакпайт. Бир нерсе болсо эле сындап жатып калышат. Бул оюнду откорууго эле канча акча кетти, эмне деген мээнет кетти. Колдорунан келгени ушул болсо эмне кылсын.
+2
surgeon777
2018-09-08 23:10:55
Кыргызымдын бийлеп жыргап жатканын коруп суйунуп атам,баардыгынын маанайы беш,туристтер кошулуп бийлеп,салтанат конулдуу отуп жатат!)))
Жашасын кыргыз элим!
+15
Saidochka
2018-09-08 23:54:12
Жасурбек менен Дильноза Бир куплет ыр учун барышыптыр да ташкенттен Чолпон атага.Ушуну да самарага талаштырбай оздоруно эле ырдатып коюшпаптыр да,ошончо чакыргандан кийин
+6
Saidochka
2018-09-08 23:56:43
Же негизгиси уят болбой дуйно жузуно кыргызын жузун дагы Бир жолу тааныта алдык.карап отурган ар Бир кыргыздын журогундо патриоттук сезимдери ойгонду го деп ойлойм.эн Сонун!
+8
Myrzaw98
2018-09-09 00:57:13
алхамдулила кудайга мин шугур айтам
мен кыргыз болуп жаралганыма
+8
HAKER-KG
2018-09-09 03:44:13
Мен мусулман болуп жаралганыма шугур калам
+2
Erik2018
2018-09-09 09:47:53
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир сөз менен айтканда жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Сахнанын жасалгасы, миң оюнчу ооз комуз менен айтканы, көчмөн элдердин маданияты, жашоосу бүт баяндалып берилиптир. Журналисттер деле чет элдик коноктордон сурамжылоо жүргүзүп чыгышты. Баары бир ооздон таңданып чыкканын жашырышкан жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан