Милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалды. Алар бала сатууга шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышкан. Ал эми SUPER.KG порталы аталган маселе боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганда төмөнкүдөй жооп болду.
"Азырынча ким жана канча адам кармалганын тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айта албайбыз. Бирок бала сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөр кармалганын четке какпайбыз. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынан.