Алмазбек Атамбаев: "2015-жылы Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болот"
"2015-жылы Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болот",- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июлда Жалал-Абад облусунда "Датка" көмөк чордонунун ачылышына катышып жатып. Президенттин айтымында, "Датка" көмөк чордонунун жана 248 чакырымга созулган электр өткөрүүчү чубалгынын курулушу, "Кристалл", "Төрөбаев", "Узловая", "Алай", "Айгүл-Таш" көмөкчордондорун жаңыча иштей башташы колдонуучуларды электр энергия менен мыкты камсыздай алат. "Каржылоону талапка ылайык колго алып, иштерди эл аралык деңгээлде аткаргандыгы үчүн кытайлык ТВЕА
компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Башкаруу борборун карап чыгып, келечекте "Датка" менен "Кемин" көмөк чордондорун байланыштыруу үчүн баары алдын ала даярдалганын көрдүм",- деди Алмазбек Атамбаев. Президент бул көмөкчордондор ишке кирсе, өлкөдө энергетикалык шакекче пайда болорун белгиледи. "Буга чейин биз электр энрегияны коңшу өлкөлөр аркылуу алып келгенбиз. Бул күндү бардык энергетиктер кыялданып жүргөн. Көп көйгөйлөр бар, бирок анын баарын биз чечебиз",- деп кошумчалады мамлекет башчы.