Бүгүн, 10-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
8-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү. Иш-чара эстафетаны Түркияга өткөрүп берүү жана дүйнөлүк, жергиликтүү жылдыздардын ыр-бийи менен коштолду. Кийинки Көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтмөкчү. Быйылкы оюндарда 37 спорттун түрү боюнча 74 өлкөдөн келген 1976 спортчу күч сынашты. Жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү 1-орунду алса, экинчини Казакстан, үчүнчүнү Орусия ээледи. Иш-чарага бюджеттен 303 миллион сом жумшалды. Оюндар дүйнөнүн 50дөй өлкөсүнүн 500дөй журналисттери аркылуу чагылдырылды.
Оюндун 3-ирет ийгиликтүү өтүшү, бир нече өлкөнүн жетекчилеринин келиши Көчмөндөр оюндарынын демилгечилерине ыраазычылыкты өстүрдү. Бул оюндарды өткөрүү чечими 2012-жылы Бишкекте Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын саммитинде кабыл алынган. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркиянын лидери Абдулла Гүл келечеги бар долбоор деп колдоого алышкан.
Ошентип биринчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы Чолпон-Атадан старт алган. Атамбаев бул оюндар көчмөн элдердин тарыхын, өнөрүн, маданиятын, табиятын дүйнөгө даңазалап, ынтымагыбызды бекемдейт, дүйнөгө Кыргыз өлкөсүнүн эң сонун жарнамасы болот деген эле. Ал кезде Көчмөндөр оюндары азыркы деӊгээлге жетерине көпчүлүк ишенген эмес, атүгүл каражатты шамалга сапыруу деп Атамбаевдин бийлигин сындагандар көп болгон.
Бюджети аз, экономикасында жылыш начар, акча тартыштыгы күчтүү өлкөдө 2 жылда бир жолу мындай ири чыгымдуу оюндарды өткөрүү кескин сындалып келди. Экс-президент Атамбаев башында турган команда Көчмөндөр оюндарына короткон акча убагы келгенде ашыгы менен кайтат деп коомчулукту, өзгөчө оппоненттерин ишендире албай жатты. Атамбаевдин демилгеси менен башталып жана улантылган бул оюндар кыргыз элин бириктирип, кыргыздын жерин даңктап, дүйнөлүк спорттук оюндардын жаңы, азырынча башка аналогу жок багыты, дүйнөлүк ири спорттук-маданий долбоор боло алды. Оюндар башка өлкөгө өткөрүлүп берүү менен брендге айланды. Ток этерин айтканда - Көчмөндөр оюндарын дүйнө элин бириктирип ушундай деңгээлде өткөрүү экс-президенттин Кыргызга калтырып кеткен мурасына айланды. Буга чейин дүйнө элин Олимпиада оюндары бир аянтчага бириктирип келсе, эми тушоосу Кыргыздан кесилген жаӊы спорттук-маданий аянтча пайда болду...
Экс-депутат Өмүрбек Бабановдун Москвадагы мечиттердин биринде намаз окуп жаткан видеосу, мекендештер менен колтукташа түшкөн сүрөтү интернетке тарады.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, 600 миӊден ашуун шайлоочунун добушун алып 2-орунду ээлеген. Шайлоо бүтүп, Сооронбай Жээнбеков жеӊүүчү деп табылган соӊ Бабановго "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелери боюнча кылмыш иши ачылды. Өлкөдөн чыгып кеткен Бабанов өзүнө ачылган кылмыш ишин "саясий мотивдеги иш" деп атады. Көп өтпөй саясатчы парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен, андан кийин биротоло саясаттан баш тартканын жарыялады.
Бул жарыя менен Бабановго каршы козголгон кылмыш иши токтотулган жок. Ага "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деп дагы бир кылмыш иши ачылган. Айта кетсек, ушул эле беренеде, башкача айтканда, Бабанов менен бирге бийликти басып алууну көздөгөн деп УКМК тарабынан кармалган депутат Канатбек Исаев жакында үй камагына чыгарылып, иши кайра тергөөгө жиберилди. Оор кылмыштарга шектелип, өзү өлкөдө жок экенинен улам иши тергелбей жаткан Бабанов ээн-эркин Москванын көчөлөрүн аралап жүргөнү суроо туудурат. Укук коргоо органдарында Бабановду тергөөгө алып келип, ишти аягына чыгаруу ниети барбы? Өзүнө биринчи кылмыш иши ачылганда Бабанов "бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып кетпейт" деген. Бабановго кылмыш ишин козгоонун максаты - аны жөн гана саясаттан кетирүү, өлкөдөн чыгарып жиберүү беле?..
Москвада кыргыздын жаш жигиттеринин арасында уруш-талаш чыгып, 21 жаштагы Бекжан Сарбишев автоунаасы менен мекендештерин сүзүп, тебелетип салды. Окуя кыргыздардын "Соло" түнкү клубунун алдында болуп, 11 адам жаракат алса, 1 адам каза болду. Жаракат алган 5 адамдын абалы оор экени, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылды.
Кылмышка шектүүнүн жакындарынын айтымында, ошол түнү түнкү клубда мекендештер ортосунда түшүнбөстүк чыккан. Ызаланган Сарбишев мекендештерин түнкү клубдун алдында сүзүп салган. Шектүү Өзгөн районунун Токтогул айылында туулган, учурда Орусиянын жараны экени айтылды.
Бул окуя Орусияда кыргыз мигранттарына болгон жек көрүүнү, ишенбестикти күчөттү. Өлкөдөгү жумушсуздук, чет жерден иш издөөгө түрткөн аргасыздык жаш өмүрлөргө балта чабууда. Мектепти жаӊы бүткөн балдарын ата-энелер чет жерге акча табууга жөнөтүп, өз алдынча калыптана элек жаштарды бөтөн эл, бөтөн жер, аоёсуз турмуштук мыйзамдары менен тарбиялап жатат. Ата-эненин көзөмөлү жок эркиндиктин баасы кыргыз жаштарына кымбатка түшүүдө. Ошондой баа менен иштеп табылып жаткан ал жаштардын акчасы Кыргыз жеринде максатсыз аш-тойлорго жумшалып, өнүгүүгө алып келбей жатканы кейиштүү. Мындан 3 күн мурун Орусияда үстүнө бетон түшүп кетип 21 жаштагы Кыргыз жараны каза болгон. Мекендештер чет жерде расмий документтер аркылуу эмес, коопсуздугу камсыздандырылбаган шартта иштешет. Андыктан Кыргыздын балдарынын өмүрү, ден соолугу корголбой да, бааланбай да калууда. Алдыда эки жол бар: же мамлекетте иш орундарын түзүү же мигранттарга корголгон шартта иштөөгө шарт түзүүгө жетишүү. Азырынча экөө теӊ көӊүл жубатарлык эмес...
Өлкөдөгү "Себат" лицейлери Түркиянын "Маариф" фондунун балансына өткөрүлүшү мүмкүн. Түркиянын Кыргыздагы элчиси Женгиз Камил Фырат бүгүн Бишкекте маалымат жыйын берип, анда "Себатты" "Маарифтин" башкаруусуна өткөрүү аракети жүрүп жатканын айтты. 1-сентябрда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Бишкекке иш сапарында Түркиянын "Маариф" фонду менен кызматташуу меморандуму түзүлгөн. Мындан улам Гүленчилер түптөгөн "Себат" лицейлери жабылганы жатат деген сөздөр айтылып, бирок Билим берүү министрлиги мындай маалыматты төгүндөгөн. Министр Гүлмира Кудайбердиева "Себат" жабылбай турганын, "Маариф" өз алдынча иштей турганын билдирген эле. Режеп Тайип Эрдогандын расмий иш сапарын жыйынтыктап пресс-жыйын өткөргөн Түрк элчисинин бүгүнкү сөзү министр Кудайбердиеванын маалыматы менен төп келишпей калды. Кимиси туура эмес маалымат берип жатышат? Бул жоопту 11 000 окуучусу бар "Сапат" лицейлери эле эмес, жалпы коомчулук күтөт.
2016-жылы Түркияда аскердик төӊкөрүш аракети болуп, андан 250 адам каза болуп, миӊдеген адам жаракат алган. Бул окуяны Түркия бийлиги түрк дин аалымы, "Хизмет" кыймылынын лидери Фетхуллах Гүлен уюштурду деп жарыялап, аны Түркиянын башкы душманы атаган. Түркияда Гүлендин кыймылы "террористтик" деп жарыяланып, Түркия Кыргыз бийлигин Гүленчилердин Кыргыз жериндеги университетин, мектептерин жабууга чакырган. Бирок ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев бул талапты өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары кескин сынга алган. Ошентсе да "Себат" лицейлери "Сапат" деген аталышка өткөрүлүп, негиздөөчүлөр курамына Кыргыздын Билим берүү жана и лим министрлиги да кирген. Ошол маалда сууп кеткен Кыргыз-Түрк мамилесин Эрдоган өлкөгө жаӊы бийлик келгенде кайра жаңыртты. Атамбаев "ички иштерге кийлигишүү" деп кабыл албаган талап бүгүнкү кыргыз бийлигинин да алдына коюлганы түшүнүктүү болду...