Президент Алмазбек Атамбаев айткан сөздөрү жомок эмес экендигин билдирди

“Жакында эле бир эксперт “Атамбаев айткан сөздөрдүн баары жомок” дептир. Бул жомок эмес, баары болот”,- деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, Жалал-Абад облусунда "Датка" көмөкчордонунун ачылыш аземинде. Айтымында, Кыргызстан күчтүү мамлекеттердин катарына кирет. “Түндүк менен түштүктү бириктирүүчү жаңы альтернативдүү жолду куруунун техникалык-экономикалык негиздери иштелип чыкты. Баары курулат. Жолдор, заводдор, фабрикалар курулат”,- деди өлкө башчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан