Бишкекте дүлөй-дудуктардан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1-июлда Аламүдүн районунун милиция бөлүмүнө 1974-жылы туулган кулагы укпаган (3-топтогу майып) жаран кайрылган. Ал билдиргендей, 1-июлда болжол менен саат 18:00дө 5 баладан турган топ бул айымга жана күйөөсүнө (3-топтогу майып) электрошокер менен чабуул жасашып, аларды тоноого аракет кылышкан. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында бул кылмышка шектүү 5 жаран кармалган. Алардын дагы кулагы укпай турганы белгилүү болгон. Учурда 1986-жылы туулган Алишер Т., 1989-жылы туулган Чыңгыз М., 1992-жылы туулган Руслан М., 1992-жылы туулган Саяк С. жана 1992-жылы туулган Чынасыл Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Тергөө иштери улантылууда.