ЭЛДИК КАБАР: Күбө: "Бишкектеги Түштүк магистраль көчөсүндө 2 унаа кагылышып, андан кийин машина жол четинде квас сатып отурган аялды оодара сүздү"

Бишкек шаарында 2 унаа сүзүшүп, анын кесепетинен жол четинде квас сатып отурган аял жабыркады. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 10-сентябрда саат 16:00дөр чамасында Түштүк магистраль жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде болгон.

"БМВ жана Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаалар кагышып, машиналардын бири жолдун четинде турган аялды квасы менен кошо сүздү. 30-35 жаштардагы сатуучу аял оор жаракат алды көрүнөт, эсин жоготту. Мындан тышкары Тойота Ипсумда да аял киши бара жаткандыгын, ал да жаракат алгандыгын уктук", - деди күбө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан