Нарын облусунда 3-июль күнү документтерин текшерүү учурунда кытай жарандары укук коргоо кызматкерлерине кол көтөргөнүн "Жаңы муун коалициясы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Тимур Саралаев 3-июлда билдирди. Аталган бирикменин өкүлдөрү Кочкор РИИБинин 2 кызматкери, УКМКнын 1 кызматкери жана айрым айыл өкмөт башчылары менен биргеликте Бишкек-Торугарт унаа жолун куруп жаткан кытайлык "China road" компаниясынын кызматкерлерин текшермей болушкан. Бирок алар буга каршылык көрсөтүштү.
"Ал жердеги кытайлардын көпчүлүгүнүн тиешелүү документтери жок. Айрымдарында паспортторунун көчүрмөлөрү гана бар экен. 7 жарандын эч кандай документи жок болуп чыкты. Аларды кармай турган болгонубузда, күч колдонуу менен бизге каршылык көрсөтүштү",- дейт Саралаев. Бул окуя боюнча акт түзүлүп, бирикменин өкүлдөрү сотко кайрыла турганы белгилүү болду.
|