Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Улуу Британиянын борбор шаары болгон Лондондун мэри Садик Хан "Жамийла" повестинен үзүндү окуду. Аталган видеону Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн YouTube`дагы расмий баракчасына жүктөдү.
Маалыматка ылайык, Британиядагы Кыргыз элчилиги атайын долбоор баштаган. Анда белгилүү британиялык саясатчылар улуу жазуучунун чыгармаларынан үзүндү окуп, аны видеого түшүрүшөт. Алгачкылардан болуп өзүнүн видеосун шаар башчысы Садик Хан жаздырган. Анда элчи повесттин каарманы Сейиттин монологунан үзүндү аткарган.
Садик Хан Лондон шаарынын мэри болуп 2016-жылы дайындалган. Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги "Айтматовду бирге окуйбуз" акциясын баштаган. Анда окурмандарга жазуучунун чыгармаларынан ар кайсы тилдерде үзүндү аткарып, социалдык тармактарга #айтматовдубиргеокуйбуз деген хештег менен жүктөө талабы коюлган.