Футбол боюнча Сирия курамасынын башкы машыктыруучусу: "Биздин оюнчулар бир топ голдук абалдарды колдон чыгарышты"

"Футбол боюнча Сирия курамасынын оюнчулары бир топ голдук абалдарды колдон чыгарышты" деп бүгүн, 10-сентябрда маалымат жыйында Футбол боюнча Сирия курамасынын башкы машыктыруучусу Бернд Штанге билдирди.

Ал Кыргыз өлкөсүн жеңиши менен куттуктады. "Бул беттеш биздин курама үчүн колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр оюну болду. Оюндун биринчи бөлүгүндөгү эсеп 0:0 эмес, 3:3 болушу керек эле. Тилекке каршы, биздин оюнчулар бир топ голдук абалдарды колдон чыгарышты. Албетте, айып кагаздарынын көптүгү таң калтырбай койгон жок. Бирок калыстын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылуу туура эмес. Биздин оюнчулар оюндун мүнөзүнө ыңгайлашып, жеке эмоцияларын карманышы керек болчу", - деди ал.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз-Сирия курамаларынын жолдоштук беттеши өттү. Анда Кыргыз курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан