"Футбол боюнча Кыргыз-Сирия беттешинде биздин команда биргелешип, керектүү учурда күчтөнө алды", - деп бүгүн, 10-сентябрда маалымат жыйында Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.
Ал оюн жакшы өткөнүн белгиледи. "Албетте оюндун биринчи бөлүгүндө көйгөйлөр жаралбай койгон жок. Бирок биздин команда биргелешип, керектүү учурда күчтөнө алды. Футболчулар толук түрдө оюнга берилип, эч ким өзүн аяган жок. Оюндун экинчи бөлүгүндө жеңишке жетише алдык. Мындан кийинки оюндар 7-октябрда орун алат. Кайсы команда менен ойной турганыбыз алдын ала макулдашылган. Бирок расмий түрдө тастыктала элек. Ошондуктан кайсы курама экендигин айтпай турайын", - деди ал.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз-Сирия курамаларынын жолдоштук беттеши өттү. Анда Кыргыз курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.