Футбол боюнча Орусия курама командасынын оюнчусу Артём Дзюба орусиялык "GQ" журналынын версиясы боюнча "Жылдын мыктысы" наамына татыды. Бул тууралуу аталган басылмада жазылат.
"Артём Дзюба Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жүрүшүндө өзүн мыкты көрсөтүп, Орусиянын символуна айланды. Ал "Жылдын мыктысы" наамы үчүн күрөшкөн атаандаштарынан бир топ ашып өттү", - деп жазылат басылмада.
Артём Дзюба Орусияда өткөн аалам биринчилигинде 3 гол киргизгенге жарап, курама командасы менен чейрек финалга чейин өтө алган.