super.kg logo

Бишкекте бала сатууга шектелген гинекологдор ымыркай үчүн 1 миң 300 доллар алышкан. Окуянын чоо-жайы

 

Буга чейин Бишкек шаарында бала сатууга шектелип дарыгер-гинекологдор кармалгандыгы маалымдалган. Бул боюнча SUPER.KG'ге өздүк булактардан билдиришкендей, 2016-жылдын июль айында М.А. аттуу аял өз алдынча, мыйзамдуу эмес түрдө бала багып алууну чечет. Ага чейин анын 3 баласы чарчап калган. Балалуу болбой калуудан чочулаган М.А. бала асырып алууну көздөп жатканын айтып, Ө.Ж. аттуу тааныш гинекологуна кайрылат.

Таанышынын суранычын уккан гинеколог Э.Ч. аттуу бирге иштешкен кесиптешинен жардам сурайт. Бала сатканы үчүн мыйзам алдында жооп берерин билгени менен, Э.Ч. жаңы төрөлгөн ымыркайды жеке байланыштары аркылуу издей баштайт. Ал Т.Г. аттуу дарыгерге бала сатуу менен жакшы акча тапса болорун айтып, табууну сунуштайт. Т.Г. ымыркайды табат, бирок баланын апасы ким экени азырынча белгисиз.

Бала сатуу фактысына шектелген гинекологдор жаңы төрөлгөн баланы Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаа менен шаардын четиндеги жаңы конуштардын бирине алып барып, сатып алуучу М.А.га көрсөтүшүп, 1 миң 300 доллар сурашкан. Баланы асырап алууну көздөгөн М.А. мыйзамды бузуп жатканын билип туруп, балалуу болбой калуудан коркуп, дарыгерлердин шарттарына макул болот.

Ымыркайга делген акчаны ал Бишкектеги Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен берет. Арадан 6-7 күн өткөндөн кийин баланын абалы оорлошуп, шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, чарчап калат. Укук коргоо органдарынан корккон гинеколог Т.Г. ымыркайдын жансыз денесин белгисиз тарапка алып кетип, анын ордуна башка дени сак бала таап берерин убадалайт.

Кардарына сөз берген дарыгер 2016-жылдын 15-августунда шаардын Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине башка баланы алып келип берет. Сатып алуучу бала менен кошо анын документтерин талап кылат. Бала сатууга шектелген гинекологдор баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, ата-энеси М.А. менен анын күйөөсү экенин аныктаган докуметти тапшырган.





 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
11.09.2018. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
21-10-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Океандын ары жагы
0
Коркунучтуу го окуганга да
Кулак укса да коз корбосун
Кудай сактасын
Ыйман ынсап берсин баарына
11.09.2018. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 00:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
0
КЫлмышка шектүүлөрдү эмнеге жаап, жашырышат, аты жөнүн толук жазып, сүрөтүн кошуп чыгарыш керек, башкаларга сабак боло тургандай.....
11.09.2018. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
12-06-2010
Соӊку аракети:
22-09-2018 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Омии озунчо эле кино болуптур го. Мындай акмактарды омур бою турмого кесиш керек.
11.09.2018. 13:32 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 23:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-2
Karagay, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! БАНга!
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
11.09.2018. 13:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 03:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+1
Эмнеге Т.М П.т .. атын ачыкка чыгаргыла да....ушакты алып келип жайып койгонсубай......же жазбай койбойсунар...тооук жазбагандан кийин,
11.09.2018. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 00:54
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо бирөөнүн тирүү төрөлгөн баласын өлдү деп тиги чарчап калган балага алмаштырып койдубу ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 14:48:21
11.09.2018. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогу жок айбандар,чарчап калганы жакшы каралбай калгандан болуп журбосун,дагы дароо экинчи баланы таба койгонун айт,кудай корсотсун силерге,турмодо чирисенер экен,
11.09.2018. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 01:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
1300 $ учун бир ымыркайдын омуру кыйылды.Акмактар
11.09.2018. 20:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
07-04-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыңыр иш азыр 40 минутада билинген заманго
11.09.2018. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
355
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 21:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга эми ким ишенет?Ар бир аял коркуп төрөй турган болуптур эми,кимиси алып коёт деп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: