Европанын эң мыкты футболдук клубу аныкталды

Европалык футболдук клубдардын ассоциациясы "Реал Мадрид" футболдук клубун 2018-жылдагы "Эң мыкты клуб" деп атады. Бул тууралуу ассоциациянын интернеттеги баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Хорватиянын Сплит шаарында өткөн сыйлык тапшыруу аземинде социалдык иштерде өзүн мыкты көргөзгөнү үчүн "Гент" футболдук клубу сыйланса, Европанын жакшы өнүгүп келе жаткан клубу деп "Ред Булл Зальцбург" табылган.

Мындан сырткары кыз-келиндер арасындагы клубдардын ичинен "Арсенал" жана "Челси" мыкты деп табылган.

Айта кетсек, Зинедин Зидандын жетекчилигинин алдында "Реал Мадрид" футболдук клубу үчүнчү жолу Чемпиондор Лигасын утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tyty1990
2018-09-11 12:22:11
Албетте Реал. Башкасы болушу мүмкүн эмес. Реалчыларды куттуктайм
+6
Kanybek121195
2018-09-11 15:43:16
3-жолу катары менен жана 13 жолу утуп рекорд койгон команда десенерчи. Хала Мадрид.
0
Zynk.kg
2018-09-11 20:33:39
Күйөрмандык кылсаң ушундай клубка күйөрмандык кылда,ырахат алып буйруса быйыл да бирдеме утабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан