Бүгүн, 3-июлда Биринчи Май райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин жакын адамы Пайзулла Рахмановду 15 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Ал эми Рахмановдун жактоочусу, тескерисинче, Пайзуллабек Рахмановдун күнөөсү сотто далилденбегенин билдирди. Белгилей кетсек, Пайзулла Рахманов Бакиевдин убагында Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин директору болуп иштеп жүрүп “Ноокатым – менин ооматым” аттуу марафонго жеке ишкер катары чакырылып, бирок агенттиктин казынасынан 200 миң сом бөлүп берген. Ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген берене менен айыпталууда. Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн Пайзулла Рахманов Казакстанда кармалып, 29-январда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.