Көпчүлүк кызыгып көргөн "Рэмбо" тасмасынын 5-бөлүгү тартыла баштады. Бул тууралуу аталган фильмде баш каармандын образын чагылдырган Сильвестр Сталлоне социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Ал Рэмбонун образындагы сүрөтүн жүктөп: "Тасма тартууга кириштик. Жакында. Абдан толкундануудамын. Балким, дүйнө өзгөрөт, бирок ал (ред. Рэмбо) эч качан өзгөрбөйт", - деп жазган.
Маалым болгондой, тасманы тартуу иштери сентябрь айынан тартып башталган. Кинонун продюсери Ави Лернер, режиссёру Адриан Грюнберг. Тасма 2019-жылы эл сынына коюлат.
"Рэмбо" фильми 1982-жылы жарыкка чыккан. Анда Сталлоне 36 жашта болчу. Кинонун андан кийинки бөлүктөрү 1985, 1988, 2008-жылдары элге тартууланган.