Бүгүн, 3-июлда Бишкек ШИИББинин кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Салтанаттуу иш-чарада алгач Бишкек ШИИБинин жетекчиси Мелис Турганбаев сөз сүйлөп, милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле шаардагы 4 РИИБинин жетекчилери да куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Кесиптик майрамынын 77 жылдыгын белгилеп жаткан шаардык ИИББинин Жол кайгуул кызматкерлери майрамга карата башкармалыктын белектерин жана Ардак грамоталарды, сыйлоо баракчаларын жана төш белгилерин алышты. Мындан соң ушул эле күнү Мелис Турганбаев кесиптик майрамынын 34 жылдыгын белгилеп жаткан патрулдук-посттук кызмат полкунун кызматкерлерин да куттуктады. Иш-чарада эл үчүн көргөзгөн кызматы үчүн милиция кызматкерлерине акчалай сыйлыктар, Ардак грамоталар тапшырылды.