Футболчу Марио Балотелли Италия улуттук командасынын курамынан чыгарылды

Футболчу Марио Балотелли Италия улуттук командасынын курамынан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-сентябрда Италия улуттук курама командасы Улуттар Лигасынын алкагында өтүп жаткан Португалия курамасына каршы беттешке оюнчулардын тизмесин берген. Анда "Ницца" клубунун чабуулчусу жана Италия курамасынын оюнчусу Балотеллинин аты жазылган эмес.

Такталбаган маалыматтар боюнча, футболчуну улуттук кураманын башкы машыктыруучусу ашыкча салмагы үчүн командадан чыгарган. Италия-Португалия беттеши 11-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 00:45те болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан