Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: "Саясатчылардын арты таза эмес болгону үчүн азыр Акаев менен Бакиевдин убагынан да жаман болуп жатканын айтуудан коркушат"

Үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев жооп берди.

Ал президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп чыккандан бери ага карата коркутуулар болуп жатканын айтты.

“Бул жөнүндө айтып жатып тилим тешилди. Бул эми башталышы. Кудасы, иниси, агасы бийликте болуп жатса, эми күйөө баласы, таяке, жээни келе баштайт. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп айткандан бери жарым жылдан бери мени куугунтуктап жатышат. Акаев менен Бакиев бул жакта эле калды го. Азыр чындыкты айтсаң, өлүп калган атаңдын көрүнө чейин казып жатат. Айтып деле кереги жок. Чындыкты айтып жатып тажадым. 6 айдан бери коркутуулар менен жашап жатам, тынчтык жок. Акаев менен Бакиевдин убагынан жаман болуп жатат. Саясатчылардын бардыгы эле билет, бирок эч кимиси айта албайт. Бардыгы коркот, анткени арты таза эмес. Президенттин айтканы менен жасаган иши окшош эмес”, - деди Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров жана Феликс Куловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан