Үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт.
SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров жооп берди.
Ал Сооронбай Жээнбековду Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге салыштырууга болбой турганын айтты.
"Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин эле бир туугандары бул кызматта иштеп келишкен. Аларды Жээнбеков депутат, элчи кылган жок. Өз ордуларында эле иштеп жатышат. Жээнбеков президент болсо алар кызматтарын таштап коюп, кетип калышы керекпи? Эгерде алар мамлекеттик саясатка кийлигишип же кадр маселесин чечип жаткан болсо, анда башка маселе. Булар өз иштерин аткарып, бири эл өкүлү, экинчиси элчи болуп иштеп жатышат. Жээнбековду Акаев жана Бакиев менен салыштырууга болбойт. Президент өзү эч кандай үй-бүлөлүк башкаруу болбой турганын айткан. Бүгүнкү күнгө чейин ал айткан сөзүнө туруп келе жатат. Жакындарын эч жакка жылдырып, чоңойткон жок", - деди Кочкоров.
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов жана Мээрбек Мискенбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.