Депутат Ирина Карамушкина: "Бир туугандардын бири президент болсо, калгандары ээлеген кызматтарынан баш тартышы туура"

Үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина өз пикирин билдирди.

Карамушкина өлкөдө бир туугандар бири-бирине баш ийген кызматтарда иштөөсүнө тыюу салган тартип бар экенин айтты.

"Моралдык жактан караганда, албетте, эгер өлкөдөгү эң жогорку кызматты бир туугандардын бири ээлесе, калгандары "кызыкчылыктардын кагылышын" жаратпаш үчүн ээлеген кызматынан баш тартышы туура. Анткени биздин өлкө үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан улам кандуу окуяларды башынан кечирген. Алмазбек Атамбаевдин тушунда балдары анын иш-бөлмөсүнө бир да жолу кирген эмес, алар бийликтин кабаттарына да барган эмес", - деди Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Феликс Кулов жана Мээрбек Мискенбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан