Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катыша турган кыргыз балбандары белгилүү болду

Кыргыз балбандары 17-18-сентябрда Словакиянын Трнава шаарында өтө турган жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 8 балбан катышат, алардын арасында кадеттер арасында Дүйнө чемпиону, жаштар арасында 3 ирет Азия чемпиону, улуулар арасындагы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов бар.

Эске салсак, 2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандар 3 күмүш медалды утуп алышкан. Анда бир күмүш медалды Акжол Махмудов жеңип алса, дагы 2 медалды Жоламан Шаршенбеков жана Роман Ким жеңип алган.

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Нуртазин Керимберди уулу;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Дастан Кадыров;
63 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрбол Бакиров;
67 килограммга чейинки салмак ченинде: Нуржигит Кенешбек уулу;
72 килограммга чейинки салмак ченинде: Илим Билимов;
77 килограммга чейинки салмак ченинде: Акжол Махмудов;
82 килограммга чейинки салмак ченинде: Ильгиз Билимов;
87 килограммга чейинки салмак ченинде: Аманкелди Талантбек уулу;
Машыктыруучу: Шухрат Ушуров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adiletkgz
2018-09-12 10:52:01
Сапарынар байсалдуу болсун жигиттер
+1
Nazar76
2018-09-12 11:19:27
Ийгилик каалайм спортчуларыбызга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан