2-июлда Бишкек шаарынын 52 жаштагы П.И. аттуу тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, 20-25 жаштардагы бейтааныш 2 адам үйүнө кирип, күч колдонуу менен зордуктаганын билдирген. Арыздын негизинде Свердлов РИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүп, изи сууй электе кылмышка шектүү 2 жаранды кармашты. Алар Бишкек шаарынын 26 жаштагы Л.В. жана 17 жаштагы А.Т. аттуу тургундары. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Кармалгандар шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.