Кыргыз дзюдочулары Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргыз спортчулары Азербайжанда өтө турган дзюдо боюнча улуулар жана командалар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президентинин кеңешчиси Абай Молдоканов билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш 20-27-сентябрь аралыгында Баку шаарында өтүп, ага Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу катышат. Алардын арасында Индонезияда өткөн Азия оюндарында медаль тагынган Артур Те жана Владимир Золоев бар. Азыркы тапта спортчуларыбыз машыгууларды өткөрүп, мелдешке кызуу даярданууда.

Айта кетсек, жалпы эсепте Дүйнө чемпиондугунда 131 мамлекеттен 810 спортчу катышат.

Дүйнө чемпиондугуна катыша турган кыргыз дзюдочулар:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев жана Баяман Сагынбай уулу;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Те жана Бектур Рысмамбетов;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов;

100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Бекболот Токтогонов жана Юрий Краковецкий.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан