6 ай ичинде Талас облусу боюнча 18 миң адамга 1 миллиард сомдон ашуун насыялар берилген

Таласта 38 банктык жана банктык эмес насыя булактары аймактын калкын тейлөөдө. Ушул жылдын 1-июнуна карата ишкерликтин бардык түрлөрүн өнүктүрүү үчүн 18 миң 778 адамга 1 миллиард 247 миллион 594 миң сом насыялар берилген. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн каржы саясаты боюнча жетектөөчү адиси Казыбек Медетбеков билдиргенин өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу насыя 61 миллион 892 миң сомго көп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан