Алмазбек Атамбаев: "Датка" көмөк чордонунун ишке кириши - кышында свет менен жылуулуктун жоктугуна чыдап келген калктын жеңиши"

“Датка” көмөкчордонун бүгүн ишке киргизгенибиз – ондогон жылдар бою кыш чилдесинде светтин, жылуулуктун жоктугуна чыдаган миңдеген мекендештерибиздин, карапайым элибиздин чоң жеңиши. Кудай буюрса, биз коңшу мамлекеттерге көз каранды болбой, өлкөбүздүн түштүгүн да, түндүгүн да үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздап калабыз”. Бул сөздү президент Алмазбек Атамбаев 3-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында болгон "Датка" көмөк чордонунун ачылыш аземинде айтты. Иш-чарага энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын башчылары жана башкалар катышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан