1-июлда Чүйдүн Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам көз жумганын Чүй ОИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди. Бишкек-Тёплые ключи унаа жолунда Мерседес үлгүсүндөгү унаанын 28 жаштагы Данияр И. аттуу айдоочусу рулду башкара албай жол жээгиндеги жарды сүзгөн. Жыйынтыгында айдоочу жана унаада бара жаткан 3 жүргүнчү ар кандай жаракат алышып, Бишкектеги №4-ооруканага жеткирилген. 19 жашар Алтынай М. аттуу жүргүнчү окуя болгон жерден жан берген. Аталган факты боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө.