Жол кырсыгына кабылган Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүсү кызматынан убактылуу четтетилди

Жол кырсыгына кабылган Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүсү кызматынан убактылуу четтетилгенин бүгүн, 3-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 29-июнда болжол менен саат 13:30да Бишкек-Ош жолунда Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүсүнүн катышуусунда жол кырсыгы болгон. Бул окуя боюнча чогултулган материалдарды Сузак РИИБи облустук прокуратурага өткөрүп берген. Териштирүү иштери бүткүчө тергөөчү убактылуу кызматынан четтетилди. Белгилей кетсек, кырсык катталган учурда тергөөчү мас абалында болгондугу тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан эле. Ошондой эле кырсыктан каза болгондор жок экендиги, 3 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалыматтар айтылган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aijan1968
2013-07-03 13:07:28
Колу менен кылганын мойну менен тартсын!Кызматтык форманы кийип алып чакалайдын чак тушундо сайрандап...Дагы жакшы жабырлануучулар аман калышыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан