19-июлда космостон Сатурн планетасын сүрөткө тартуунун кезектеги этабы өтөт

Америкалык NASA космостук агенттиги билдиргендей, жакында "Кассини" станциясы Сатурн планетасын кайрадан сүрөткө тартат. Планетаны кадрга түшүрүү учуру 19-июлга туура келет. Аталган космостук аппараттын жогорку сапаттагы камерасы Сатурндун сүрөтүн 1,6 миллион чакырым алыстыктан ар бир 15 мүнөт сайын тартып турмакчы. Айта кетсек, планеталар аралык "Кассини" станциясы италия-француз астроному Жованни Кассининин атынан коюлган. Ал 2004-жылдын 30-июнунан бери орбитада жана Сатурн планетасын, анын спутниктери менен шакекчесин атайын илимий жабдуулардын жардамы менен изилдеп келет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан