Жолдон өтүп бараткан 62 жаштагы аялды сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон жол тандабастын айдоочусу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда SUPER.KG`ге Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Улгайган аялдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну издөө иштери улантылууда. Издөө иштери азырынча натыйжа бере элек" деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, окуя кечээ, 3-сентябрда кечки саат 22:20 чамасында Ахунбаев-Шүкүров көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда жөө жүрүүчүнүн өлүмүнө себепкер болгон Тойота Раннер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын көчөгө таштап, өзү качып кеткен. Оор жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон аял жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бараткан.