Кыргыз спортчусу Юлия Фернас Казакстанда өткөн экстремалдуу атлетика боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланган.
Алматы шаарында орун алган "Kosmos Uphill" аттуу мелдеште 12 мамлекеттен келген 700дөн ашуун спортчу катышты. Кыргыз өлкөсүнөн мелдешке 4 спортчу катышып, алардын 3ү байгелүү орундарды ээледи.
Юлия Фернас "Elite Run F" категориясында катышып, 12 чакырым аралыкка чуркап жарышты. Фернас бул аралыкты 1 саат 55 мүнөт 23 секундда өтүп, 1-орунду ээлегенге жарады. Бул аралыкта Кыргыз өлкөсүнөн Анна Оглоблина катышып, 1 саат 56 мүнөт 56 секунд жыйынтыгын көрсөтүп күмүш медалга татыды.
Игорь Филин 20 чакырым аралыктагы веложарышка катышып, 1 саат 56 мүнөт 37 секунд жыйынтыгы менен күмүш медалдын ээси болду.