ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев бүгүн, 3-июлда милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө учурунда жол кайгуул кызматкерлеринин паракорлук менен байланышкан учурларына оюн билдирди. “Кызматкерлерибиздин акча алган учурлары болот, бирок негизинен кызматкерлер жол эрежесин бузуучулар менен активдүү түрдө күрөшүүдө”,- дейт ал. Экономика министрлигинин колдоосу менен бюджетке түшкөн айып пулдардын суммасынын 25 пайызы Жол кайгуул кызматына түшмөй болгонун айткан Исаев, “мындай шартта кызматкерлерибизде айдоочулардан акча алгандан көрө, жакшы иштегени үчүн мөөнөт-мөөнөтү менен мыйзамдуу сыйлыктарды алып турууга стимул пайда болот”,- деп кошумчалады.