Депутат Ахматбек Келдибеков ЮСАИД менен ПРООНдун мамлекеттик аудит боюнча эл аралык эксперттери менен жолукту

Бүгүн, 3-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков ЮСАИД менен ПРООНдун мамлекеттик аудит боюнча эл аралык эксперттери Литванын Мамлекеттик көзөмөлүнүн башкы аудиторунун орун басары Нийоле Мицкувене жана Литванын Мамлекеттик көзөмөлүнүн Аудитти өнүктүрүү боюнча департаментинин директору Миндаугас Мацияускас менен жолукту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик аудит системин өнүктүрүү, Кыргызстандын Эсептөө палатасынын саясий, функционалдык жана финансылык көз карандысыздыгын камсыздоо маселелери боюнча пикир алышты. Мындан сырткары Эсептөө палатасынын максаттары менен милдеттерин так аныктоо боюнча мыйзам базасын жакшыртуу маселелери тууралуу сөз болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан