УКМК Жантөрө Сатыбалдиевди ооруканага чыгаруудан баш тартты

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

УКМК абакта жаткан мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди ооруканага чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 13-сентябрда Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов кабарлады. Анын айтымында, УКМК Сатыбалдиевди ооруканага чыгарууга азырынча зарылчылык жок экенин түшүндүргөн.

"Жантөрө Сатыбалдиев 2003-жылдан бери жүрөк оорусунан улам Кардиология борборунда каттоодо болуп, 2013-жылы операция жасаткан экен. Буга байланыштуу анын ден соолугуна тынчсызданып жактоочусу жана жакындары биздин борборго кайрылышкан. 17-августта кардиологдор менен бирге Сатыбалдиевге кирип чыкканбыз. Кийин кардиологдордун анын ден соолугунда коркунуч бар экенин көрсөткөн корутундусун, жактоочу жана жакындарынын кайрылуусун кошуп ооруканага чыгаруу боюнча УКМКга кат жибергенбиз. УКМК биздин өтүнүчтү аткаруудан баш тарткан катын жиберди. Анда өздөрүнүн дарыгерлери карап жаткандыктан ооруканага чыгарууга азырынча зарылчылык жоктугу менен түшүндүрүшкөн", - деди Сулайманов.

Буга чейин Акыйкатчы институту да анын ден соолугуна тынчсызданып, дарыгерлердин кароосунан өтүүсү керектигин эскерткен.

Сатыбалдиев 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган. 8-августта камакта калуу мөөнөтүн 2 айга узарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Respect.
2018-09-13 14:17:59
Кичине эле иш козголсо ооруп чыга келишет, элдин акчасын жеп жаткан убакта ичиңер ооруп өлүп калсаңар экен..
+10
Nurgazy80
2018-09-13 18:36:50
Жегенин кусуп анан ХХХХХХ,айтып койгула ошентип
+5
bazar
2018-09-13 21:40:06
Булар баары эле кесел, оорукчан окшойт...
+4
talaa11
2018-09-13 22:47:20
Булар оорубайт элди озундой ойлойт окшойт убагында жеп жутуп жаткан мезгилде оорубай эле аттай жургон зынкыйып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан