"Ата журтчу" 3 депутаттын ишин Жогорку Сотто кароо 10 күндүн ичинде белгиленет

Бишкек шаардык соту актаган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин Жогорку Сотто кароо 10 күндүн ичинде белгиленет. Жогорку Соттун маалымат кызматы билдиргендей, 2-июлда мекемеге аталган депутаттарга козголгон кылмыш ишине байланыштуу Биринчи Май райондук сотунан тийиштүү материалдар келип түштү. Бүгүн, 3-июлда бардык материалдар каттоого алынды. Эскерте кетсек, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ташиев менен Жапаровду 1,5 жылга, Мамытовду 1 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Андан кийин ишти Бишкек шаардык соту карап, 17-июнда 3 депутат күнөөлөнүп жаткан бардык беренелер боюнча толук акталып чыккан болчу.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан