КСДП: "Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси бериле элек"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси бериле элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Жолдубаеванын айтымында, сыйлык Алмазбек Атамбаевге бериле элек.

Бүгүн, 13-сентябрдагы КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Атамбаевге "Ак Шумкар" белгиси бериле турганы боюнча айтылганы бир жылга жакындаса да берилбегенине нааразычылыгын билдирди.

"Президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жыл мурда чыккан буйругуна ылайык, элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Ак шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылышы керек эле. Бир жыл өтсө да бул буйрук аткарыла элек, буга ким жооптуу, президенттин бул буйругун ким аткарбай жатат? Мунун аягы жакшы болбойт", - деди Карамушкина.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында ант бергенден кийин президенттик кызматындагы биринчи жарлыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарган. Ага ылайык, экс-президентке эң жогорку "Ак шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылышы керек эле.

Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси бериле элек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан